04:21
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте борбор калаа менен Баткендин ишкерлери жолугушту

Бишкек шаарынын мэриясында Бишкек жана Баткен шаарынын ишкерлеринин онлайн бизнес жолугушуусу өттү. Иш-чараны Бишкек жана Баткен шаарларынын мэриялары уюштуруп, ага Венгрия-Кыргыз жана Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонддорунун, Кепилдик фондунун өкүлдөрү, Бишкек жана Баткен шаарларындагы кичи жана орто бизнестин ишкерлери катышты.

Маалыматта аталган жолугушуу Баткен облусун тездетилген социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, элдин жашоо шартын жана сапатын жогорулатуу, Баткен шаарынын мэриясы тарабынан Баткен ишкерлерине долбоорлорду илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү максатында уюштурулганы айтылат. 

Бизнес-жолугушуунун аягында мындай иш-чараларды туруктуу негизде өткөрүү, Баткен ишкерлери үчүн бизнес-пландарды түзүүгө жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүү, ошондой эле Бишкек жана Баткен ишкерлеринин ортосунда биргелешкен бизнес-долбоорлорду илгерилетүү жана өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууларга жетишилди.

Эң көп окулган жаңылыктар