05:21
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Хабибула Абдукадыр ири инвестор аталды

Борбор Азияда мыйзамсыз жүк ташуу империясын түзгөнү айтылган чуулгандуу ишкер Хабибулла Абдукадырга тиешеси бар компаниялар Бишкекте ири мейманкана жана мечит сала турганы белгилүү болду.

10-мартта президент Садыр Жапаров Орто-Сай айылындагы ири мечиттин жана Бишкектеги мурдагы «Нарын» ресторанынын ордуна салына турган бизнес-борбордун курулушун баштоо иш-чарасына катышты.

Бишкектин чок ортосундагы «Нарын» ресторанынын ордуна беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор жана турак жай комплексинен турган көп кабаттуу имарат, шаарга танапташ жайгашкан Орто-Сай айылына 20 миң кишилик мечит курулары белгилүү болду.

Президенттик администрация тараткан фото-видеолордон курулуштардын пайдубалын түптөө иш-чарасына эл аралык медиалардын акча адалдоо, мыйзамсыз жүк ташуу боюнча иликтөөлөрүндө аты аталган кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадырда барганын көрүүгө болот.Анын президенттин жанында жүргөнү коомчулукта кызуу талкууга жаратты.

Президенттин басма сөз кызматы Бишкектеги долбоорду ТОО Feb group филиалы, Hyper Partners, ARIYA, Core Architecture жана Gurgoli курулуш компаниясы ишке ашыра турганын айтып, алардын ээси ким экенин ачык айткан эмес. Орто-Сайдагы мечитти чет элдик инвесторлор курат деген маалымат менен гана чектелген.

Коомчулуктагы талкуулардан кийин 11-мартта президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агентигине чуу жараткан теги кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр жөнүндө комментарий берип, аны инвестор деп атады.

Жапаров аталган эки курулушту куруп жаткан инвесторлордун арасында Абдукадыр да бар экенин ырастап, мейманкананы алар мурда сатып алган жерине курушарын, ал эми мечитти сооп үчүн акысыз салып бере турганын тактады.

Президент кийинчерээк бул топ борбор калаада «Бишкек-сити» деп аталган кичи шаарча да курарын кошумчалады.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү Kloop басылмасынын иликтөөлөрүндө уйгур тектүү бизнесмен Хабибулла Абдукадыр бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар экенин, анын Дубайдагы бизнес өнөктөшү болорун аныктаган. Абдукадырдын үй-бүлөсү Матраимов менен биргеликте мыйзамсыз иштерге катышы бар болушу мүмкүн экени айтылган.

Бул иликтөөлөр кезегинде Кыргызстанда чоң резонанс жаратып, 2020-жылдагы октябрдагы элдик толкундоонун себептеринин бири болгон. Дал ушул толкундоонун арты менен учурдагы президент Садыр Жапаров бийлик башына келген.

Азыркы тапта Бишкекте башталган долбоорлордо Абдукадырдын канча үлүшү бар экени ачык жарыялана элек. Бирок буга чейин ОpenDemocracy басылмасы Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн Германияда катталган Hyper Partners компаниясына тиешеси бар экенин жазып чыккан. Ал эми бул компания «Нарын» ресторанынын ордуна салынчу комплекстин инвесторлорунун бири катары көрсөтүлүүдө. Бул долбоордун баасы 321 млн. АКШ долларын түзөт.

Орто-Сай айылында заманбап «Ыйман борбору» мечити 20 миң кишиге ылайыкташып, намаз окууга жана дин таанууга бардык шарттар түзүлөрү айтылды. Долбоордун баасы 51 млн. АКШ долларына бааланганы белгилүү болду.

Хабибула Абдукадыр «Азаттык» радиосунун, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (OCCRP) жана Kloop порталынын иликтөөсүнө чейин эч ким билбеген, сүрөтү да эч бир жерге чыкпаган көмүскөдөгү ишкер болгон. Журналисттерге белгилүү маалыматта ал Кытайда, уйгур үй-бүлөдө туулган.

Үч медианын иликтөөсүндө Абдукадырдын үй-бүлөсү Борбор Азиядагы карго компаниясы декларацияланбаган жана бажыда бурмаланып катталган товарларды Кытайдан Кыргызстанга ташып, андан ары чөлкөмдөгү башка базарларга жеткирип турганы ачыкталган.

Казак жарандыгын алган Абдукадырдын өмүр баяны тууралуу ачык маалыматтар дээрлик жокко эсе. Анын ысымы түрдүү өлкөлөрдөгү компаниялардын расмий документтеринде гана кездешет. Ал документтерге ылайык, 2000-жылдардын башынан тарта Хабибулла Абдукадырдын Кытайда, Казакстанда жана Өзбекстанда иш жүргүзгөн компанияларга тиешеси бар.

2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин президент Садыр Жапаров эл алдында Райымбек Матраимов камаларын убада кылган. Кийин Матраимов УКМК тарабынан коррупцияга айыпталып, кармалган. Ал сотто күнөөсүн моюнга алып, мамлекетке 2 млрд. сом төлөп бергенден кийин абактан бошотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар