02:47
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкек -Торугарт унаа жолундагы жол кырсыктан улам бир адам каза болду

Чүй облусунда «Жигули» жеңил автоунаасы менен «Мерседес-Бенц Спиринтер» кичи автобусу сүзүшүп, натыйжада жигулинин айдоочусу көз жумган. Бул тууралуу Жол коопсуздук башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, жол кырсык саат 6:00дө Бишкек — Торугарт унаа жолунун 24-чакырымында катталган.

Кичи автобустун айдоочусу жана үч жүргүнчүсү ар кандай жаракаттардан улам аймактык ооруканага жеткирилген.

Жол кырсыктын себеби жана айдоочулардын өздүгү такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар