20:23
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Бишкектеги Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, 1-июлда болжол менен саат 21:20 чамасында Лумумб көчөсүнө жакын каналдан бир адамдын жансыз денеси табылган. Ал жерге ӨКМдин куткаруучу тобу келип каналдан сөөктү алып чыгышкан жана ал европа улутуна түспөлдөш экенин айтышкан. Учурда жеке маалыматтар такталууда.

Маркумдун денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар