19:43
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

#Медиктергерахмат. Соцтармактарда медиктерди колдоо челленджи орун алды

Социалдык тармактарда «Дарыгерлерди биргеликте колдойбуз» чакырыгы башталды. Билдирүү Улуттук кызыл жарым ай коомунун баракчасында пайда болду.

Авторлордун айтымында, быйыл Кыргызстандын дарыгерлери кесиптик майрамдарын элдин колдоо посту менен белгилешет.

«Биздин жакшы сөздөрүбүз, өзгөчө мүнөт сайын белгисиз илдет менен күрөшүп жаткан дарыгерлерге керек. Алар күн сайын бейтаптарды дарылап, жакындарыбызды айыктырып биздин катарыбызга кошуп жатышат. Биз бул оор күрөштө аларга коопсуздук чараларын сактоо менен жардам беришибиз керек: бет кап тагынуу, массалык адамдар топтолгон жайлардан оолак болуу. Биздин дарыгерлерге, медиктерге, санитардык кызматкерлерге, тез жардам кызматынын айдоочуларына өздүбүздүн сүйүүбүздү жана ыраазычылыгыбызды көрсөтүп коюу жетишсиз», — деп жазылат чакырыкта.

Бул челленджге социалдык тармакта отурган бардык каалоочулар катышса болот. Ал үчүн алаканыңызга жүрөкчөнүн сүрөтүн тартып, андан соң өзүңүз менен бирге селфи кылып, Кыргызстандагы дарыгерлерге ыраазычылык бидирүү иретинде #медиктергерахмат#героивбелом хэштеги менен жеке баракчаңызга жүктөйсүз.

Эң көп окулган жаңылыктар