21:46
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Депутат: Кыргызстандан аңчылыктан тапкан олжо эмес, кооз сүрөт алып кетишсин

«Аңчылар Кыргызстандын кооз жаратылышынын сүрөттөрүн алып кетишсе да, олжолоруна тийишпесин», — дейт депутат Экмат Байпакпиев «жаныбарлардын айрым түрлөрүн аңчылык кылууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча коомдук уктурууда.

Ал аңчылык кылууну 10 жылга чейин токтотуу сунушун киргизгенде кесиптештери колдобой койгонун эске салды.

«Карантин алдында мага экологдор, активисттер мыйзам долбоорду кайра карап чыгуу тууралуу кайрылышкан. Бирок бул парламент тарабынан четке кагылгандан кийин алты айдан соң гана болушу мүмкүн», — дейт Экмат Байпакпаев.

Ал учурда депутаттар тобу жаңы долбоорду иштеп чыгышкан. Анда аңчылык кылуу мөөнөтү беш жылдан он жылга чейин кыскартылган жана ичине төрт жаныбарды камтыган: аркар, теке, элик жана каман.

«Сөз жапайы жан-жаныбарлар дүйнөсүн сактоо жөнүндө болуп жатат, биз эски көнүмүш адаттардан арылып, андан чыгуунун жолун издеп, аңчылыктын жаңы альтернативдүү түрлөрүнө өтүшүбүз керек», — деп билдирди депутат.

Депутат Экмат Байбакпаев мыйзам долбоорунун пункттарынын бири экотуризмди жана аңчылыктын альтернативдүү түрлөрүн өнүктүрүүгө арналгандыгын белгиледи.

«Кыргызстанга алар сүрөткө тартуучу куралдары менен келип, жан-жаныбарлардын олжосун эмес, кооз жаратылышыбызды тартып көрсөтө тургандай кылыш керек», — деп баса белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар