«Мөлмөлүм» аттуу ыры менен эл оозуна алынган ырчы Малик Аликеевга шоу-бизнес өкүлдөрү материалдык жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу КРдин эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева Instagram баракчасына бөлүштү.
Буга чейин Айчүрөк Иманалиева жеке баракчасы аркылуу Малик Аликеев буту ооруганына байланыштуу баса албай калгандыгын жана ага материалдык жардам керек болуп жатканын жазып чыккан.
Белгилүү өнөр адамдары баш болуп чогултулган акчанын суммасы 90 миң сомду түзгөн.
«Коронавирус пандемиясынан кийинки кыйын кырдаалга карабай, бул өнөр адамдарынын чогулткан акчасы 90 миң сом болду. Керегиңе жарап берет деген тилектебиз. Батыраак айыгып эртерээк биздин арабызга кошул», — деп айтылат видеодо.
Эске сала кетсек, ырчы Малик Аликеев Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жатат.