05:43
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстандын эл аралык авиакаттамдарды качан жандантары белгисиз

Эл аралык аба каттамы бизди аябай ойлондуруп жатат, качан ишке киришерин азырынча так айта албайбыз. Бул тууралуу премьер-министрликке талапкер Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин отурумунда суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Кубатбек Боронов вирусту жуктургандардын саны өсүп жатканын белгиледи.

Биз бул маселенин чечүү жолун тапканга аракет кылабыз. Чындыгында суроого жооп берүү оор, бирок эл аралык аба каттамы качан ачыларын так айтууга болбойт.

Кубатбек Боронов.

«Негизги себептеринин бири болуп мурдакы айларга караганда эл көчөгө көп чыга баштады, вирустун өсүү көрсөткүчү кескин түрдө жогорулады. Сипмтомдору байкалбаган вирус дээрлик 70 пайызды түзөт, алар менен байланышта болгондор коронавирус жугузуп алып 14 күн байкалбай жүрө бериши мүмкүн. Андайлар азыр аныкталуда. Булардын баары эл аралык рейстерди ачуу керекпи же жокпу деген маселенин үстүндө ойлонтууга мажбур кылууда», — дейт Кубатбек Боронов.

Ал алгоритмди карап чыгып, даярдап анан ачуу керектигин жана эл аралык аба каттамы баары бир ачыларын кошумчалады.

«Коронавирус пандемиясынын абалын көрүп турасыздар, биз башка өлкөлөрдүн да абалын күн сайын анализдеп турабыз», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар