12:01
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Октябрдын аягында Бишкектен Вьетнамга аба каттамы ачылат

Октябрдын аягында бир нече жаңы каттамдардын ачылышы пландалууда. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында «Манас» эл аралык аэропортунун коммерция боюнча директору Тимур Аралбаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Исламабад — Бишкек, Лахор — Бишкек, Сиань — Бишкек, Сеул — Бишкек каттамдары боюнча жаңы багыттар ачылган. Мындан тышкары Түркиянын борбору Анкара менен аба каттамы ачылды. Август айынан баштап Жидда — Бишкек — Жидда багыты боюнча учактар уча баштады.Ошондой эле Баку — Бишкек — Баку каттамы ишке кирди.

«Биз Астана — Бишкек, Грозный — Бишкек, Махачкала — Бишкек сыяктуу бир нече жаңы учууларды жандандырдык. Мындан тышкары Алматыдан каттамдар көбөйдү. Ташкенттен Тамчыга каттамдар калыбына келтирилип, көбөйүүдө. Бишкек-Ташкент багыты боюнча дагы учуулардын санын көбөйтүү пландалууда. Москвадан Бишкекке каттамдардын саны өстү», — деди Тимур Аралбаев.

Ал ошондой эле «Манас» аэропорту жүргүнчүлөрдүн агымын көбөйтүү жана жаңы багыттарды ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи. Октябрдын аягында Шарм-эш-Шейх (Египет) — Бишкек сезондук чартердик каттамы ачылып, кыш бою иштейт.

«Бишкек — Нячанг каттамынын ачылышы күтүлүүдө. Эми Вьетнамга уча алабыз. Бул Вьетнам авиакомпаниялары менен сүйлөшүүлөрдүн аркасында мүмкүн болду. Ош-Ташкент тарыхый каттамы ишке ашышы мүмкүн. Ош — Үрүмчү багыты бардык уруксат документтерин иштеп чыгуу жана алуу стадиясында турат. Мындан тышкары Чэнду — Бишкек багыты боюнча каттамдарды ачууну пландап жатабыз. Мунун баары биздин долбоорлорду, жүргүнчүлөрдүн агымын көбөйтүүгө, аймактык жана негизги аэропорттордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет», — деп жыйынтыктады Тимур Аралбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар