20:23
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

ЖАМК: Эмилбек Кимсанов тергөөгө өткөрүлүп берилди

Бажы кызматынын мурдакы кызматкери Эмилбек Кимсанов тергөө иштерин жүргүзүү үчүн убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Бул тууралуу ЖАМКнын пресс-кызматы маалымдады.

Маалыматта такталгандай, Эмилбек Кимсанов мурдакы ИИМдин башчысы Молдомуса Конгантиевдин уулун сабаган деп шектелип № 50 убактылуу кармоочу жайга которулду. Бул ЖАМКнын эмес соттун чечими деп берилет маалыматта. Эмилбек Кимсановду өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч прокуратуранын өкүлү тарабынан берилген.

Эске сала кетсек, Молдомуса Конгантиевдин уулун Бажы кызматынын мурдакы кызматкери Эмилбек Кимсанов жана ММАнын чемпиону Төлөгөн Рахманберди уулу сабаган деп шектелүүдө. Жабырлануучу кылмышкерге эч кандай дооматы жок экенин билдиргени менен териштирүү уланып келет. Эмилбек Кимсановдун бир тууганы Эмирбек, Райымбек Матраимов тарабынан үй-бүлөсүнө коркутуулар болуп жаткандыгын айтып видео-кайрылуу таратты. Бирок ага ылайык эч кандай факт жана далил келтирген эмес.

2020-жылдын февралында Эмилбек Кимсановду камакка алышкан, кийин кайра бошотушканда ал өлкөдөн качып кеткен. Көп өтпөй Санкт-Петербургдан кармап Кыргызстанга өткөрүлүп берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума