USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

ТИМ чет өлкөдөн келген жарандардын жана гумжардамдын көлөмүн айтты

09:50, 11 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Февраль айынан баштап 9-июнга чейин 40 өлкөдөн 13 миң 304 кыргыз жараны алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин коомдук кеңешинин жыйынында министр Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Мекеме пандемия мезгилинде чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлдүктөр менен берге Кыргызстанга гуманитардык жардам тартуу маселесин колго алгандыгын белгиледи.

215 миң тест-система, лабораториялык тесттер үчүн 3 миң реагент, 1,15 миллиондон ашык бет кап, 140 миң респиратордук бет кап, 85 миң коргоочу кийим, 734 миң кол кап, 28 миң литр тазалоочу каражаттар алынып келинди.

Экспресс-тест, ПЦР тест жана реагент Россия, Кытай, Корея, Беларуссия, Түркиядан келген.

Германия өлкөсү 500 миң евро өлчөмүндө гуманитардын жардам көрсөттү.

АКШ, Өзбекстан, Казакстан, Япония, Швейцария, Иран жана Бириккен Араб Эмиратынан жардам келген. 



БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика