21:26
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстан Ооганстанга 111 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Афганистанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, президенттин демилгеси менен Ооганстанга 111 тонна гуманитардык жардам жеткирилди.

11 жүк ташуучу унаа менен 75 тонна ун, 20 тонна кумшекер, 5 тонна суумай жана 500 керебет, жууркан-төшөк, ошондой эле 1 миллион сомго кийим-кече жана турмуш-тиричиликке керектелүүчү каражаттар топтому жөнөтүлдү.

Гумжардамды Эл аралык жарандык коргонуу уюму каржылады.

«1-декабардан 9-декабрга чейин Ооган өлкөсүндө жет титирөөдөн жабыркагандарга жардам кербени өзүнүн миссиясын ийгиликтүү аткарып, мекенине кайтышты. Бул күндөрү кыргыз куткаруучуларынын коопсуздугун УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алып турду», — деп белгиледи ӨКМ.

Эске салсак, өткөн жылдын 7-октябрында Иран жана Түркмөнстан чек араларына жакын жайгашкан Герат провинциясындагы табигый кырсыктан 2 миңден ашуун адам каза болуп, 10 миңге жакыны жабыркап, миңдеген турак-жай жараксыз болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар