08:57
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жогорку сот Мелис Мырзакматовдун жактоочуларынын арызын кабыл алды

Жогорку сот Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовдун адвокаттарынын аппеляциялык арызын карайт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жогорку соттон билдиришти.

Маалым болгондой, адвокаттар экс-мэрди күнөөсүз деп, Мелис Мырзакматовго каршы топтолгон далилдер негизсиз деп эсептешет. Жогорку Сот бул тууралуу арызды кабыл алды.

Белгилей кетсек, сот жараяны март айынын аягына белгиленген, бирок коронавирустук пандемияга байланыштуу убактылуу токтотулган.

Мелис Мырзакматов 2009-жылдан 2013-жылга чейин түштүк борбордун мэриясын жетектеген. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал өлкөдөн качып кеткен.

2015-жылы Шералы Камчыбековдун төрагалыгы алдында Ош шаардык соту түштүк борбордун мурунку башчысын күнөөлүү деп таап, сыртынан жети жылга эркинен ажыраткан. Чечим чыгарылгандан тартып Мелис Мырзакматов издөөгө алынган.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2019-жылдын сентябрь айында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда колдоочулары менен болгон жолугушууда Мырзакматовду саясий туткун деп эсептеп, аны актоо керектигин айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар