02:12
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Мелис Мырзакматов: Бийликти мага каршы ишти токтотууга акча сураган

Атамбаевдин бийлиги Мелис Мырзакматовго каршы ишти токтотууга акча сураган. Бул тууралуу Оштун мурдакы мэри «Жаңы-Ордо» гезитине берген интервьюсунда билдирди.

Ал ага каршы козголгон иш Жогорку Сотко жеткен учурда бийлик тараптан ишти оң жакка чечүү үчүн 500 миң доллар суралганын айтат.

«Жогорку соттун алгачкы чечиминен кийин ошондой сунуштар болгон. Жогорку соттун экинчи чечими да чыккандан кийин такыр куру жалак калгандан көрө дештиби, же бийликтен кетерде менден да бирдеме өндүрүп калалы дештиби, айтор, бул сапар 250 миң доллар сурашты. Биринчиден, менде андай акча жок эле, экинчиден, Жогорку соттун биздин актыгыбызды түздөн-түз тастыктаган эки чечими турат дедим. Андан кийин эч ким мындай такилип менен кайрылган жок», — дейт ал.

Эскерте кетсек, Мелис Мырзакматов 2009-2013-жылдары Ош шаарын башкарган. 2014-жылы ага каршы козголгон кылмыштын негизинде мурдакы мэр издөөгө алынган. Мелис Мырзакматов акыркы төрт жылдан бери өлкө сыртында жүрөт.

Эң көп окулган жаңылыктар