Кыргызстандын аймагында 8-июндан 10-июнга чейин мезгил-мезгили менен жаан төгүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет алдын ала шашылыш билдирүү берди.
«8-9-июнда республиканын кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши ыктымал. Күн сууктайт. Катуу шамал болот», — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатарын эскертти.
8-10-июнда туруксуз аба ырайынан жана боло турчу нөшөрлүү жаан-чачындан улам республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экендигин эскертишти.