Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Белгилей кетсек, ал Жогорку Кеңеш тарабынан 30-апрелде кабыл алынган.
Белгиленгендей, мыйзамдын максаты үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук фактыларына чара көрүү болуп саналат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Камакка алуу чечими, шектүү жабырлануучунун ден-соолугуна, өмүрүнө зыян келтирсе, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине зордук-зомбулук көрсөтүлсө, коркутуулар катталса, ошондой эле мас абалында же наркотик колдонуп коомчулукка коркунуч туудурса эч кайтарусуз иштейт. Эгерде адам коркутуу, уруп-сабоо, басынтуу улана берсе анда башка чаралар көрүлөт.
Эскерте кетсек, Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары 65 пайызга көбөйгөн.