02:45
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Аскар Сыдыков: Бизнес мамлекеттик колдоого муктаж

COVID-2019 вирусу Кыргызстандын экономикасына аябагандай эле терс таасирин ийгизди. Бүгүнкү күндө бизнес мамлекеттин колдоосуна аябай муктаж. Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков 24.kg агенттигине ишкерлер мамлекеттен кандай колдоо күтөөрүн айтып берди.

— Майдын башында президент Сооронбай Жээнбеков ишкерлер менен жолуккан. Анда сиз ишкерлердин баяндамачысы болдуңуз эле. Жолугушууда кандай маселелерди көтөрдүңүздөр?

— Биз өзүбүздүн ишкердик сын-пикирлерибизди айтып, өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу бизнеске кедергисин тийгизген тоскоолдуктар жана чектөө чаралары туурасында кеп козголуп, орто жана узак мөөнөттүү бизнестер сунушталып, кризиске каршы чаралардын биринчи жана экинчи топтомдоруна жасаган аракеттерибиз тууралуу сөз болду. Жалпысынан, өкмөт жана мамлекеттик органдар менен биргеликте иш алып баруу иши каралды десем болот.

— Бизнес конкреттүү түрдө мамлекеттен кандай жардам күтүүдө?

— Биздин ассоциациянын негизги максаты: бизнеске болушунча тезирээк жана көрүнүктүү жеңилдиктерди түзүп берүү. Айрыкча кичи жана орто бизнестерди салыктардан, социалдык которуулардан бошотуу жагынан жардам берүү.

Бул иш-чаралар, албетте, жакшы, бирок бизнеске олуттуу колдоо көрсөтпөйт. Ошондуктан биз кескин чараларды көрүүгө чакырдык.

Аскар Сыдыков

— Ири бизнестерге жардамдын кереги жок болсо керек?

— Бар албетте, бирок акча жаатында эмес. Ири ишканаларга административдик жардам көрсөтүүнү сунуштадык. Ар бир тармакта эң ири ишканалар бар, алар тейлөө кызматтарынын ийгиликтүү болушунан көз каранды. Эгерде көп жумуш орундарын сактап, жумушчуларды көбөйтүшүбүз керек болсо, анда бул ишканалардын башкаруу режимине жардам беришибиз керек. Аны менен катар, тосмолордон өткөрмө кагаздары, келишим, уруксат берүү сыяктуу бюрократиялык маселелерди чечип берүү керектелет.

— Ошондо, маселе бир гана акча жаатында эмес?

— Ооба. Айрыкча биздикиндей абалдагы өлкөлөрдө бул маанилүү. Өнүккөн өлкөлөр көбүнчө электрондук форматта иш алып барышат, бюрократия болсо жокко эсе. Ал эми биздикиндей өлкөлөрдө бюрократиялык тоскоолдуктарды чечүү үчүн мындай жардам өзгөчө мааниге ээ.

— Эл аралык ишкерлер кеңеши инвестиция тартуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду. Бул ишти кантип уюштуруу керек?

— Кризистен аз жабыр тарткан тармактардагы потенциалдуу ири инвесторлор менен иш алып баруу керек. Мисалы, тоо-кен, тамак-аш иштетүү, айыл чарба. Алдын-ала айтылган маалыматтар боюнча кырдаалга байланыштуу дал ушул тармактарда өсүш болуусу болжолдонууда.

Эгер ал жакка жаңы инвесторлорду тартуу мүмкүнчүлүгү болсо, анда буга өзгөчө көңүл буруу керек.

Аскар Сыдыков

Кээде коңшу мамлекеттердин ишкерлери өндүрүштүк кубаттуулукту жылдыруу жөнүндө ойлонуп жаткандарын угуп калабыз. Бул үчүн биздин өлкөнү эмнеге сунуштаганга болбойт? Анын үстүнө бизде, биз толугу менен колдоно албай жүргөн ВСП + макамы бар. Ушул эле кытай жана башка ишканалар биздин макамдын негизинде өлкөгө өндүрүштүк жайларды ачып, биздин каалоолорубузду эске алуу менен товарларды экспорттой алышаары анык.

— Бийлик өкүлдөрү бизнестин абалына кызыкдар болуштубу?

Өкмөт менен бизнес ассоциациясынын ортосунда «туруктуу байланыш каналын түзүү керек», — деп бир нече жолу айтканбыз. Азырынча байланыш түзүлө элек. Буга ыкчам аракет көрүлүшү керек, анткени бизнестин жана бүтүндөй коомдун ишеними маалымат алуудан көз каранды.

Эгер бизге түшүндүрүп беришсе балким биз чектөө чараларына макул болобуз. Же буга түрткү болгон кыйынчылыктардын оңой жолун таап, натыйжалуу чечүүнү сунуштайбыз. Биз оперативдүү маселелерде жана кризиске каршы стратегиялык чараларда биргелешип иштешибиз керек.

— Министрлерден кандай жооп ала алдыңыздар?

— Өкмөт, айрыкча вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бизнестин абалына өзгөчө көңүл бура баштады. Ал жакынкы аралыкта Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялоо боюнча кеңешти чакырам деп убада берди. Министрлер кабинетинде бизде ушундай аянтча бар, баарыбыз биргеликте ийри отуруп түз кеңешип, көйгөйлөрдү так жеткирип, ачык талкуулайбыз деп үмүттөнөбүз.

— Эгер ишкердүүлүктү калыбына келтирүү пландары жөнүндө сөз кыла турган болсок, Эл аралык ишкерлер кеңеши эмне кылууну сунуштайт?

— Орто мөөнөттүү иш-чаралар боюнча биз, ашыкча бюрократиялык административдик тоскоолдуктарды кескин түрдө азайтып, ачык жана жөнөкөй эрежелерин орнотууну сунуш кылдык.

Бизде ашыкча процедуралар бар. Бул бизнес жүргүзүүгө тоскоолдук кылат.

Аскар Сыдыков

Ар кандай экономикалык кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөкөйлөтүп, жеңилдетилген режимдеги атайын экономикалык зоналарды түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу керек. Азыр ЭЭА өндүрүү үчүн түзүлгөн. Бирок Кыргызстандын ИДПсынын жарымынан көбү кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө, бирок алардын бири да экономикалык зонада жок.

— Бизнесте барган сайын жаңы идеяларды сунуш кыласыздар, алардын канчалык деңгээлде натыйжасы бар?

— Биздин баардык сунуштарыбыз боюнча өкмөттөн түшүндүрүүнү сурандык. Сунуштарды чогултабыз, иштеп чыгабыз, бирок эч кандай жооп кайтарылбайт. Биздин кээ бир сунуштарыбыз натыйжалуу эмес болушу мүмкүн, бирок андан кийин биз аны түшүндүрүп беришибиз керек болот.

— Азыркы учурда көптөгөн эксперттер мамлекеттен реформалоону талап кылышууда. Мындай сунуштарга сиз кандай карайсыз?

— Менин көз карашым түз. Кризис мезгилинде түзүмдүк жана тармактык реформалар үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Аны менен катар туризмде, чакан жана орто бизнес чөйрөсүндө, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө, финансы рыногунда колдоо көрсөтүлөт.

Азыр биз тез жана натыйжалуу реформалардын үстүндө биргелешип иштешибиз керек.

Аскар Сыдыков

Учурда, качандыр бир убакта биз, же министрлер жасоого бел байлап, бирок колдоо таппай, ыңгайсыздыкты жараткан реформаларды ишке ашыруу керек. Азыр аларды өткөрө турган мезгил десем жаңылышпайм.

Эң көп окулган жаңылыктар