23:34
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бүтүрүүчүлөрдөн аттестат үчүн акча талап кылышууда

Бишкек шаардык мэриясы мектептерде күбөлүктөрдү алуу үчүн ата-энелеринен акча чогултуп жатат деген маалыматка жооп берди.

«Документ үчүн эч кандай акча талап кылынбайт. Бир гана күбөлүктүн көчүрмөсүн алгандарга гана акча төлөө керектелет. Эгер аттестат жоголуп кетсе же башка бир себептерден улам керек болуп калса, дубликатты 41 сомго, сырты менен кошкондо 61 сомго сатып алса болот, төлөө жалаң гана банк аркылуу жүргүзүлөт. Бул боюнча борбор калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Татьяна Кузнецова жеке көзөмөлүнө алды», — дейт мэрия басма сөз кызматы.

Мэрия билим берүү уюмдарынын жетекчилерине, мектептердин жана бала бакчалардын директорлоруна, мугалимдерине бала бакчаларга жана мектептерге киргенде, күбөлүк алуу, экзамендер жана башка негизсиз чыгымдар үчүн каржылык жана башка төлөмдөрдү чогултууга тыюу салынгандыгын кошумчалады.

«Жеке жоопкерчилик райондук билим берүү борборлорунун башчыларына жана мектеп директорлоруна жүктөлөт», — деп айтылат билдирүүдө.

 Башкармалык жарандардан «кошумча» төлөмдөрдү талап кылгандардын аудио, видео материалдарын Таятьяна Кузнецованын жеке 0554 31 20 38 номуруна WhatsApp аркылуу жөнөтүүнү суранат.
Эң көп окулган жаңылыктар