09:20
USD 84.78
EUR 99.84
RUB 1.17

Быйыл бүтүрүүчүлөр аттестатты акысыз ала алышат

Мектеп бүтүрүүчүлөрү аттестатты акысыз алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мектеп жетекчилери жана башка билим берүү өкүлдөрү тарабынан аттестатка акча талап кылынбайт. 

«Бул боюнча шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн адистерине эскертилип, түшүндүрүү иштери жүрдү. Эгер аттестат жоголуп кетсе же башка бир себептерден улам керек болуп калса, дубликатты 41 сомго, сырты менен кошкондо 61 сомго сатып алса болот», — деп айтылат маалыматта.

Эпидемиологиялык кырдаалдан улам министрлик басмакана менен биргеликте документтерди облустук билим берүү борборлоруна жеткирип берерин кошумчалады.

Эске салсак, бүтүрүүчүлөр аттестаттарын 18-20-июнда ала алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар