07:17
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жалал-Абад облусунда коронавирус жуктургандар бүгүн үйгө чыгарылат

Жалал-Абад облусунда коронавирус жуктуруп ооруп калгандар үйлөрүнө чыгарылат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрининин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, дарыгерлердин тобу бейтаптарды карап чыгып чечим кабыл алат.

«Эпидемиолог, вирусолог жана инфекционист бейтаптарды карап чыгышы керек. Жарандар бүгүн үйгө чыгарылышы мүмкүн», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун Сузак районунуна жана Жалал-Абад шаарына өзгөчө абал тартиби киргизилген. Өлкөдө вирус жуктургандардын саны −84.

Эң көп окулган жаңылыктар