Ош мэриясы коронавируска каршы атайын эсеп ачты. Бул тууралуу шаардык администрациядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош шаарындагы жеке ишкерлер, курулуш компаниялары, мекеме-ишканалар, жогорку окуу жайлар (бир күндүк эмгек акы) тарабынан шаардык мэриянын атайын эсебине 3 миллион 475 миң 934 сом которулду.
Каражатка атайын түзүлгөн комиссия көзөмөл кылат. Комиссиянын курамында укук коргоо органдары, бизнес өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдардын мүчөсү жана тиешелүү кызматтар бар.