Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.
Гуманитардык жардам 25-мартта «Торугарт» чек ара көзөмөл өткөрүү пунктунда өткөрүлүп берилди.
Аны Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов кабыл алды.
«Гуманитардык жардамды Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунун губернаторунун орун басары Ван Шин Ганг мырза тапшырып, кыргыз элинин коронавирусту тезирээк жеңип чыгуусун тилек кылды», — дейт штаб.
Кытай 10 миң даана дарыгерлер үчүн респиратордук беткап, 100 миң даана бир жолу колдонулуучу беткаптар, ошондой эле 1 миң даана коргонуучу кийим тапшырды. Андан тышкары, 10 миң даана беткаптарды Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине беришти.