Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалды.
Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты болуп бекитилди.
ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы Жеңишбек Жоробеков Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты болуп дайындалды.
Өлкөдө COVID-19 вирусу жуккандардын саны 42 адамга жетти. Буга чейин вирус 16 кишиден чыккан.