Кара-Балта жана башка алыскы шаар чекесинде жашап, бирок Бишкек шаарындагы бейтапканаларда иштеген дарыгерлер коомдук транспорттордун кыскартылышынан улам больницада түнөшүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандардын бири маалымдады.
Анын айтымында, мисалы, Кара-Балталык медайымдар станцияда түнөөгө мажбур, себеби үйүнө кетүүгө эч кандай мүмкүнчүлүк жок.
«Дарыгерлер үчүн убактылуу транспорт табууга эмнеге болбосун? Ыктыярчылар шаардын чекесине гана жеткире алышат», — деп жазган окурман.
Кандайдыр бир окуяларга күбө болсоңуз 24.kg агенттигине 0555312024 номуру аркылуу WhatsApp же Telegram жөнөтсөңүз болот.