Жогорку Кеңештин депутаттары коронавирусту алдын алуу иретинде райондорго барып эл менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Бул тууралуу парламенттин пресс-кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, кечээ Жогорку Кеңеште бул долбоор боюнча токтом кабыл алынды. Депутаттар 23-марттан 27-мартка чейин эл менен жолугуп ,тушүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.
Пресс-кызматкердин берген маалыматына караганда, төрага Дастанбек Жумабеков: «жергиликтүү өкмөттүн органдары менен биргеликте депутаттар райондун эли менен жолугушат. Алар коронавирусту алдын алуу жана кантип гигиенаны туура сакташ керектиги тууралуу маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Ошондой эле санитардык-эпидемиялык алдын алуу аракеттерин көзөмөлдөп кайтышат», — деп билдирет.
Эске сала кетсек, Ош облусунун Ноокат районунда 3 жарандан коронавирустун симптомдору аныкталды.