12:41
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Дарыгерлер өзгөчө учурда гана коргоочу кийимдер менен камсыз болушат

Саламаттыкты сактоо министрилиги атайын костюмдар илдетти жуктуруп алган бейтаптарды карап жаткан дарыгерлерге гана берилерин айтты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Жогорку Кеңештин жыйынында маалымдады.

Депутат Аида Исмаилова «Ак-Кеме» мейманканасындагы карантиндик чараларды көрүп жаткан дарыгерлердин атайын формалары жана бет каптары жок, ошондой эле тамак-аш менен камсыз болбой жаткандыгы тууралуу маалымдады.

«Ак-Кеме» мейманканасында умрага барып келген 19 адам бар. Алар ӨКМ тарабынан күнүнө 3 жолу тамак-аш менен камсыздалып жатат. Ал эми дары-дармек менен камсыздоо департаментинин кампасында бет каптар бар. Атайын чумага каршы формалар да бар, бирок колдонуу жолдомосу боюнча диагноз такталгандан кийин гана кийүүгө болот. Азыр дарыгерлер бет кап жана халат менен эле жүрө алышат. Мына, Сузактагы дарыгерлер чумага каршы атайын костюмдар менен камсыздалды«, — деп билдирди саламаттыкты сактоо министри.

Ал эми буга карай депутат Аида Исмаилова «Сиз башка дарыгерлерди да чоң коркунучка такап жатасыз. Башыңыз менен жооп бересиз», — деп эскертти.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби