23:48
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ишкерлер үчүн байланыш борборлору түзүлдү

Экономика министрлиги ыкчам чечимдерди кабыл алуучу байланыш борборлорун түздү. Бул тууралуу уюмдун пресс-катчысы маалымдады.

Маалыматка ылайык ,байланыш борборун ачуу чечими өлкөдөгү экономикалык терс таасирлердин жаралуу тобокелчилиги менен тыгыз байланыш. Ошону менен катар COVID-19 коронавирусуна байланыштуу ишкерлердин иш-аракеттеринин солгундашы менен түшүндүрүлөт.

“Кененирээк маалымат алуу учүн +996312620319 номуруна чалып, 0555774405 номуруна WhatsApp аркылуу байланышса болот. Аны менен катар info@mineconom.gov.kg электрондук почтасы аркылуу жазуу түрүндө маалымат алса болот”, - деп билдирет Экономика министрлигини пресс-кызматкери.

Эң көп окулган жаңылыктар