Кыргызстанга 19-марттын 00:00үнөн тартып чет элдик жарандар убактылуу киргизилбейт. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов маалымат жыйында билдирди.
Маалыматка ылайык, бул чектөө эл-аралык жүк ташуу менен алектенген ишканалардын айдоочуларына жана дипломаттык кызматтардын өкүлдөрүнө тиешеси жок.
“Кыргызстандын жарандары Кыргызстанга чыгып-кире алышат. Бирок чет өлкөлүк жарандар келген өлкөсү кайсы категорияга киргенине жараша карантинге алынат. Аны менен катар чет элдиктер каалаган убакта Кыргызстандан чыгып кетүүгө укуктуу”, - дейт Нурлан Абдрахманов.
Эске сала кетсек, коронавирус Кыргызстандан дагы аныкталып, коомду чочулатууда.