00:29
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Коронавирус. Парламент конокторду кабыл алууну токтотту

Жогорку Кеңешке сырттан келгендердин кирип-чыгуусу четтетилди. Бул тууралуу бүгүнкү жыйында айтылды.

Төрага Дастанбек Жумабековдун айтымында, сырттан келген конокторду, айылдык кеңештин депутаттарын, окуучуларды, студенттерди кабыл алуу токтотулду.

«Депутаттардын башка мамлекетке чыгуусун дагы токтотууну сунуштап жатабыз», — дейт төрага.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда азырынча коронавирус каттала элек. Өлкөдө массалык иш-чаралар токтотулду. Чет өлкөдөн келген 300дөй адам медициналык көзөмөлдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума