16:00
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бийлик өкүлдөрү Садыр Жапаровдун туугандары менен үч күндөн кийин жолукмай болду

Бийлик өкүлдөрү Садыр Жапаровдун туугандары менен үч күндөн кийин жолукмай болду. Бул тууралуу бүгүн «Ала-Тоо» аянтындагы митингде Садыр Жапаровдун агасы Сабыр билдирди.

Ал президенттин өкүлү менен жолугуп чыкканын айтты.

«Жапаровдордун сөөгү ыраазы. Ушунчалык ыраазыбыз. Биз азыр 9 адам барып, президенттин өкүлдөрү менен жолугуп чыктык. 3 күндүн ичинде бизди кайра кабыл алышып, жооп айтабыз дешти. Үч күн күтөлү. Үч эле күн», — деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн борбордук аянтта Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Садыр Жапаровду колдоо митинги өттү.

Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген.

Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби