Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун борборунда мурунку депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышты. Нааразы болгондор мурунку эл өкүлүн бошотууну талап кылышууда.
Буга чейин саясатчыны колдоо акциясы Тоң районунда өткөн.
«Садыр Жапаровду колдоо штабы тарабынан уюштурулган митинг бүгүн Түптө өтүп жатат. Абдан көп киши келди. Акция Ысык-Көлдүн баардык райондорунда жана шаарларында уюштурулууда. Февралда Бишкекте Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен ири акция өткөзөбүз», — деп 24.kg агенттигине жарандык активист Мелис Аспеков билдирди.
Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.