«Чагымчыл маанайдагы маалыматтарды таратып, коомдук-саясий абалды курчутууну каалагандарды издөө боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат. Мекеме өлкөдөгү абалды дестабилдештирүүгө алып келчү буга окшогон материалдарды жайылткандар мыйзам чегинде жооп бере турганын эскертет» деп айтылат маалыматта.
Камакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары 2-мартта Бишкектин Ала-Тоо аянтында тынчтык митингин өткөрүшөрүн, анда бийликтен саясатчыны бошотууну, коррупция менен күрөшүүнү талап кылышарын айтышууда.
Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын март айында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген.