10:27
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Эки ай ичинде Токмок шаарынын калкынын саны 6,5 миң кишиге көбөйдү

2020-жылдын январь-февраль айында Токмок шаарынын калкынын саны 6 миң 745 кишиге көбөйдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Маалыматка караганда, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери үй ээлеринен уруксатсыз адамдарды каттоого койгон. Бир нече дарек боюнча 150дөй жаран мыйзамсыз катталганы аныкталды. Катталган жарандардын тийиштүү документтери көрсөтүлгөн эмес.

Токмок шаардык прокуратурасы тарабынан мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүнө «Кызматтык абылына кыянаттык» айыбы менен иш козголду.

Эң көп окулган жаңылыктар