06:01
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Тажикстандын Бишкектеги элчигинин алдында митинг өттү

Тажикстандын Бишкектеги элчигинин алдында Согди облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги Абдулло Навжувоновду кызматтан бошотуу талабы менен митинг өттү.

Митинг катышуучуларынын айтымында, тажик бийлиги Абдулло Навжувоновдун айтканы боюнча расмий пикирин билдириши керек.

«Биздин ТИМ тажик бийлигинен нота жөнөтүп, алардын расмий жообун алыш керек эле. Алар генералдын сөзүн колдойбу, же жокпу? Анткени Абдулло Навжувонов өтө кооптуу билдирүү жасады», — дейт Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Камилля Талиева.

Эң көп окулган жаңылыктар