01:16
USD 73.71
EUR 81.08
RUB 1.04

Чек ара маселеси боюнча курултай өтөт. Ага президент чакырылууда

Жарандык активисттер чек ара маселеси боюнча курултай өткөрүүнү демилгелөөдө. Бул тууралуу бүгүнкү тегерек стөлдө айтылды.

Курултайда Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араны чечүү маселелерин талкуулоо сунушуталат.

«Курултайды жетектөөнү биз президент Сооронбай Жээнбековго сунуштайбыз», — деди «Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлү Гүлжигит Исаков.

Андан тышкары, Чек ара боюнча улуттук комитет түзүү сунушталды. Ага Баткен облусунун тургундары, адистер кирип, маселени чечилишине ачык көзөмөл жүргүзүүсү каралат.