02:08
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Бишкекте өгөй атасын өлтүргөн киши күнөөсүн мойнуна алды

Бишкекте өгөй атасын өлтүргөн деп шектелген киши күнөөсүн мойнуна алды. Бул тууралуу 24.kg агентигине өздүк булактары билдирди.

Учурда шектүү акыл-эси соо экендигин көрсөтө турган психиатриялык экспертиза дайындалды.

«Алдын ала маалыматка караганда, шектүү менен каза болгон киши көптөн бери урушуп келишкен. Мурун да кылмыш иши боюнча жоопко тартылган. Байкесине бычак менен асылганы белгилүү», — деп редакцияга билдиришти.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 21-декабрда «Арча-Бешик» жаңы конушунда жергиликтүү тургундар башы кесилген кишинин жансыз денесин табышкан. Кийин милиция шектүүнү кармаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби