Бегайым Молдалиева 1982-жылы Германияда, кийин Москвада, андан соң Тажикстанда жашап иштеп калат. Акыркы 6 жылдан бери Болгарияда турат. Ал 3 жыл мурда иш менен камсыздоочу агенттик ачып, кыргыз жарандарына Европадан жумуш таап берүүдө.
Бегайым Молдалиева 24.kg агенттигине Болгариядагы жашоосу тууралуу маек куруп берди.
— Дүйнөдө кыргыздар жок өлкө калбаса керек. Болгарияда жашаган мекендештерибиз көппү?
— Биз Болгарияга алгачкы келген үй-бүлөбүз. Дагы бир нече үй-бүлө бар. Бирок, алар такай жашабайт. Кыймылсыз мүлкү болгондуктан, анча-мынча келип турушат. Студенттерди кошкондо деле кыргыздардын саны көп эмес. Болгариянын ТИМинин маалыматына ылайык, 980 кыргызстандык акыркы убакта Болгарияга виза алышкан.
Мен Варна шаарында кызымдын үй-бүлөсү менен бирге турам. Бул жакта 3 неберем бар. Ал эми уулум үй-бүлөсү менен Бишкекте жашайт. Биз кайда гана жүрбөйлүк, мекенибиз жүрөгүбүздө. Мен жылына 1-2 жолу барып, уулумдун үй-бүлөсү, 90дон ашкан апам менен учурашып келем.
Болгарлар абдан чыдамкай калк. Алар Осмон империясынын башкаруусунда болжол менен беш кылым болсо да, өз тилин, маданиятын, каада-салтын сактап кала алышты. Бул сыйга татыктуу деп эсептеймин.
— Кыргыздын улуттук тамак-ашын сагынсаңыздар керек? Же үйдөн жасап жейсиздерби?
— Биз кайда гана жүрбөйлүк, өз улуттук тамак-ашыбызга үзүлүп түшөбүз. Албетте, үйдөн улуттук тамак аштарды жасайбыз. Кантип эле манты, лагман, самса, бешбармаксыз жашайбыз? Мында келген алгачкы жылдары азыктарды тандоодо кыйынчылыктар болгон. Лагманга унду тандай албай кыйналганбыз, же камыры чоюлсачы. Кийин Италиянын кесмесин колдоно баштадык. .
Азырынча бул жакта чыгыш ашканасы менен кафелер жок. Мында келген жылдары өзүбүздүн улуттук тамак аштарды сунуштаган кафе ачууга каалоом күч эле, бирок башка долбоорго инвесторлорду табуу керек болуп калды.
Боз үйлөрдү тигип, келген меймандарды атка мингизип, жаа аттырып, самоордун ысык чайы менен каттаманы дасторконго коюп, улуттук тамак-аштан даам сыздырсам дейм. Эми бул чоң долбоор, инвесторсуз ишке ашпайт.
Мурда Кыргызстан менен Болгариянын ортосунда эч кандай мамлекеттер аралык мамиле болгон эмес. Мындан улам айрым маселелерди чечүү кыйын болчу. Мисалы, неберелеримдин чет өлкөгө чыгуучу паспортторун (3 жылда бир алмаштырыш керек) алмаштыруу үчүн, Бишкекке барууга туура келчү. Учурда Болгария, Украина жана Румыниянын элчиси дайындалгандан бери чоң өзгөрүүлөр болду. Мамлекеттер аралык макулдашууларга кол коюлуп, студенттерди алмашуу боюнча маселе чечилди. Эң негизгиси жардам, кеп-кеңеш сурап кайрыла турчу мамлекеттик структура пайда болду.
— Акыркы жылдары Болгарияны жумушчу күчү менен да камсыз кыла баштапсыз...
— Алгач Кыргызстандан жумушчуларды алып келе баштаганда бир топ кыйынчылыктарга туш болдук. Анткени болгарлардын кыргыздар тууралуу маалыматы жок эле. Биз иш берүүчүлөрдүн ар бирине барып, «жарандарыбыз ак ниети менен иштеп берет, биздин маданиятыбыз, тилибиз мурунку соцлагерден чыккандардын ичинен болгарларга жакыныраак» деп түшүндүрчүбүз. Алар «кыргыздар кимге окшош?» деп сурап калышса, «мен кыргызмын, мени карагыла» деп жооп кайтарган күндөрүм болгон.
Бүгүн болгариялыктар кыргыздарды ниеттүү, жоопкерчиликтүү жумушчу катары билишет. Алар бош орундар бар деп чындилден билдирме жөнөтүшөт.
Бегайым Молдалиева.
Биз жарандарды негизинен мейманкана, ресторан, күнөсканаларга 5 айга ишке орноштурганга аракет кылабыз.
- Сиздердин агенттикке ар кандай маселе менен кайрылып, жардам сурагандар болобу?
— Биздин компаниянын артыкчылыгы — өзүбүз Болгарияда жашасак дагы, баардык жагдайды көзөмөлдөп, иш берүүчүлөр менен кезигип, маселени жеринде чечебиз. Суроолор ар түрдүү мүнөздө болушу мүмкүн: бирөөсү ооруп калат, кимдир бирөөсүнүн үйүндө кырсык болуп, тез арада учуп кетиши керек болот, ал болсо акчаны үйүнө салып жибергендиктен, билет сатып алууга каражаты жок болуп калышы ыктымал. Мына ушул маселелерди чечип беребиз.
Жумуш жоопкерчиликтүү жана кызыктуу. Айрыкча студенттердин ата-энерлери ыраазычылыктарын билдирип калышат. Анткени алардын балдары деңизде эс алып гана жүрбөстөн, каражат дагы таап кетип жатат.
- Ишке орноштурууда жашка чектөөлөр барбы?
— Ишке 18 жаштан 60 жашка чейинки жарандарды кабыл алабыз. Көп тил билсе кайра жакшы, бирок орус тилин билүү жетиштүү. Европада 800-900 евро маяна убада кылган агенттиктер калп айтышат. Андай акыны европанын дипломун алгандар гана алышат. Ал эми мейманкаларда мындай сумма жок. Бирок Түркия же Орусия менен салыштырганда, Болгария жашоо шарты, элдерге болгон мамилеси, эмгекти уюштуруу жагынан артыкчылыктуу.

