13:28
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Нарындагы логистикалык борбор. Абылгазиев депутаттарды элге түшүндүрүүгө чакырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттарды Ат-Башы районунда курала турган логистикалык борбор боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды. Бул тууралуу өкмөт башчы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал логистикалык борбордун курулушуна 20-30 адам каршы чыгып, элди дүрбөтүп жатканын белгиледи.

«Долбоорду дыкат билбеген адамдар гана алардын чакырыктарын колдоп жатышат. Ошондуктан, урматтуу депутаттар, мүмкүнчүлүк бар болсо сиздер да эл менен жолугуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, долбоордун маанилүүлүгүн айтып берүүңүздөрдү суранып кетет элем», — деди премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, бул долбоорго 280 миллион доллар салып жаткан инвестор «Нарын» эркин экономикалык аймагынын субъекти болуп эсептелет, андыктан ал тиешелүү мыйзамдын негизинде иш алып барат.

«15 миң иш оруну жөнүндө сөз болуп жатат. Азыркы тапта аймактык администрацияда ал борборго жумушчулардын тизмесин түзүп жатышат. 10 миң иш орун дейличи орточо эсептегенде 15 миң сом айлык акысы менен, ошондо эле ай сайын 150 млн сом бөлүнөт экен. Бул жаман эмес да. 17 жылдан бери ушул аймакка борбор курулат деген сөз болуп келүүдө, бирок азыркыга чейин бул сөз ишке ашырыла элек. Болбосо өлкөгө олуттуу пайда алып келет эле», — деп белгиледи ал.

Эң көп окулган жаңылыктар