07:27
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Димаш Кудайбергенов «Евровидение» сынагына Орусиянын атынан катышпайт

Белгилүү ырчы Димаш Кудайбергенов «Евровидение» сынагына Орусиянын атынан катышпайт. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Димаш сынак ага керек эместигин, конок катары гана катышышы мүмкүндүгүн айтат. Ырчы Америкадагы «The world’s best» долбоорунда акыркы жолу күч сынашканын белгилейт.

«Мен эл аралык аренага Казакстандын атынан гана катышам. Себеби, Казакстан менин — өлкөм. Колдооңуздарга жана сүйүүңөргө рахмат. Алдыда Арнауда өтчү концерттен жолугабыз», — дейт ырчы.

Эң көп окулган жаңылыктар