17:25
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Женнифер Лопес кызы менен Супербоул турниринде ырдап чыкты

Женнифер Лопестин кызы Эмма Муньис Супербоул турниринде ырдап чыкты. Бул тууралуу News.ru маалымат агентиги жазды.

Маалыматка караганда, 11 жаштагы Эмма Муньис мамасын колдоп, турнирдеги тыныгууда Лопестин Let’s Get Loud атту ырын жалгыз аткарды. Колумбиялык ырчы Шакира Эмманы колдоп, барабан ойноп берди.

Концерт толугу менен улуттук футбол турниринин YouTube-каналына чыкты.

NEWS.ru маалымдагандай 2017-жылы Супербоуланын финалына катышкан Леди Гага Женнифер Лопес менен Шакиранын шоусун жогору баалады.

Эң көп окулган жаңылыктар