23:33
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Бозого тыюу салындыбы? Муфтияттын жообу

Кыргызстандагы мусулмандардын дин башкармалыгы бозо боюнча чечим кабыл алган жок. Бул тууралуу муфтияттан 24.kg агенттигине билдиришти.

Алардын маалыматында, Уламалар кеңешинин улуттук суусундуктар боюнча фатвасы жок.

«Бизде мындай фатва жок. Бирок, диний аалымдар бозо ичүүдөн алыс болууга чакырышат», — дейт муфтият.

Белгилей кетсек, буга чейин Уламалар кеңиши коомдо ар кандай пикир жараткан сетевой маркетинг, пластикалык операция жана эмдөө боюнча фатва кабыл алган.

Эң көп окулган жаңылыктар