11:13
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Экономика министрлиги муфтият менен бирге адал индустриясын өнүктүрөт

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Адал-индустриясын өнүктүрүү борбору» менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Мындан ары тараптар өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана халал (адал) индустриясын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду даярдашып, халал (адал) индустрия чөйрөсүн изилдөө менен адал кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртып, бул жаатта атайын илимий-практикалык изилдөөлөрдү жүргүзүшмөкчү.

"Башкы максатыбыз элдин тамак-ашын адалдоо. Жараткан Алла Таала насип кылса алдыга бир топ максаттарды коюп, мекеме-ишканаларга түшүндүрүү иштерин жүргүзөлү. Биздин ишибиз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүшү зарыл«,-деди Замир кары Ракиев.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Адал-индустриясын өнүктүрүү борборунун» жетекчиси Алмаз Кайырбеков Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен халал (адал) индустриясын жөнгө салууда биргеликте алып барган ар бир иш өзүнүн жакшы натыйжасын берип келе жаткандыгын баса белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар