18:42
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Экс-муфтий Максат Токтомушев өлкөдөн чыгып кеткенин четке какты

Экс-муфтий Максат Токтомушев өлкөдөн чыгып кеткенин четке какты. Бул тууралуу ал атайын билдирүү таркатты.

Ал Кыргызстандан эч жакка кетпегинин ырастады.

«Ооба телефондук чалуулардын баарына жооп бербей жатам. Азыр баарына жооп бере берсең кандай заман болуп кетет? Бирок, Кыргызстандамын. Эч жакка кетпейм», — деди ал.

Максат Токтомушев элдерди кечиримдүү болууга жана президенттин саясатын колдоого чакырды.

«Өлкөнү ар кимибиз ар жакка тарта бере турган болсок, мамлекеттибиздин келечеги кандай болот? Президенттин саясатын колдойлу. Бири-бирибизге дос боло албасак, душман болбойлучу. Пайда жеткире албасак, зыян жеткирбейли. Тактыкта эки тараптуулукка умтулалы», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар