11:38
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Айт намазы окулбайт. Муфтият үйдө куран окуп, курмандык союуну сунуштайт

Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы Курман айт майрамына карата аянтта окула туран айт намазды токтотту. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымына, өлкөдөгү эпидиомологиялык кырдаалга байланыштуу жума намазы сыяктуу эле Айт намазы дагы окулбайт.

«Ошондуктан туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Курман айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз. Бул күнү бири-бирибиздикине айттап барбастан, үйлөрдө курмандыгыбызды чалып, Куран окуп, мамлекетибизге, элибизге, жерибизге жакшылыктарды тилеп, маркумдарыбызга дубаларыбызды багыштайлы», — деп берилет маалыматта.

Мусулмандар дин башкармалыгы курмандык чалууну убактысы боюнча фатва чыгарды. Ага ылайык 31-июль күнү эртең мененки 07.30дан кийин мал союуга уруксат берилет.

«Курмандыкты чалуу убактысы 2020-жылы 31-июль, 1-август жана 2- август күнү дигер намазына чейин чалууга болот. Каалоочулар ушул көрсөтүлгөн даталардын каалаган мезгилинде чалса болот», — дейт муфтият.

Эң көп окулган жаңылыктар