06:55
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Араванда мечитке садакага коюлган үкөктүн астын тешип, акчаларды алып кетишкен

Социалдык тармакта мечитке садака үчүн коюлган үкөктү ачканда ичи бош чыккан видео таркады. Анда үч киши үкөктү ачкыч менен ачып, ичинен аз гана акча менен тыйындарды көрүп таң калышат. Аны оодарып карап, астынан атайын тешик тешилип, скоч менен бекитилип коюлганын байкашат.

Муфтияттын айтымында, видоегу окуя Араван районундагы мечитте болгон.

«Учурда имамдарга жарандар арасында мындай жоруктарга жол берөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди», — дейт муфтият.

Эң көп окулган жаңылыктар