12:25
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Моника Беллуччинин кызы Дева Dolce&Gabbana компаниясынын жүзү болду

Дүйнөгө белгилүү актриса, модель Моника Беллуччи менен анын жолдошу Венсана Касселянын кызы Дева Dolce&Gabbana компаниясынын рекламалык ролигинин башкы каарманы болду.

Компания Деванын сүрөттөрүн жарыялады.

Дева жаңы атырды жарнамалап, сүйкүмдүү сүрөттөргө тартылган. Интернет колдонуучулар Деванын сулуулугуна, апасына окшоштугуна баа беришкен.  

«Жаңы чыккан жытта жаздагы гүлдөрдү элестетсе болот. Ага манго, грейфрут, айва жана флердоранж, тубероза кошулган. Декорация катары Princess of Piedmont сейилдөө багын, Palazzo Avino отелин, Руфоло тарыхый борбордун көчөсүн жана Vescovado борборун колдонушкан», — деп Gala журналы жазып чыкты.

Эскерте кетсек, Дева Моника Беллуччи менен Венсан Касселдин биринчи баласы. Анын 9 жаштагы Леони аттуу сиңдиси бар.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума