08:30
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

УКМК: Пара алуу учурунда соттук аткаруучу кармалды

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун сот аткаруу кызматынын бөлүмүнүн соттук аткаруучусу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ өзүнүн иш бөлмөсүндө 38 жаштагы Н.Т. кызматтык абалынан пайдаланып Ч.у.Э. аттуу жарандан жол кырсыгы тууралуу өндүрүш иштерин токтотуу үчүн пара талап кылган.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө, өз бөлмөсүндө соттук аткаруучу кармалды. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума