16:08
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Алматы шаарына барып, анда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында 14 маселе талкууланат, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүүгө, мурда берилген тапшырмаларды аткарууга, санариптик транспорттук коридорлордун экосистемасын калыптандырууга, интеграциялык бирикмелердин алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу Келишиминин үстүндө иштөөгө, эл аралык эрежелерди жана тажрыйбаларды эске алуу менен атайын коргоочу, антидемпингдик жана компенсациялык чараларды колдонуу механизмдерин жакшыртууга тийиштүү маселелер бар.

Эң көп окулган жаңылыктар