04:40
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өкмөт башчы экологиялык кырдаалды жакшыртуу программасын иштеп чыгууну тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарындагы экологиялык кырдаал боюнча кеңешме өткөрүп, аны жакшыртуунун илимий негизделген программасын ишке ашырууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

«Биз үчүн ыкчам түрдө таасирдүү чараларды көрүү жана экологияны жакшыртуу максатында, кырдаалдын начарлашынын себептеринин конкреттүү тизмесин аныктоо маанилүү. Бардык күч-аракетибизди бириктирип, эксперттик жана илимий коомчулуктун өкүлдөрүн, демилгелүү жарандарды тартуу кажет. Бул максаттарда биринчи вице-премьер-министрдин жетекчилиги алдында координациялык штаб түзүлгөн жана борбор шаардагы экологиялык кырдаалды жакшыртуунун стратегиялык программасы иштелип чыккан. Өкмөт бул документти сапаттуу ишке ашырууну камсыз кылуу, биз баарыбыз экология чөйрөсүндөгү жакшырууларды сезүүбүз үчүн зарыл финансы каражаттарды табат», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы кыйла көйгөйлүү багыттар боюнча экологиялык жүктөмү азайтуу чараларынын конкреттүү топтому иштелип чыкканын өзгөчө белгиледи. Айтымында, бул биринчи кезекте жаңы жеңилдетилген финансылык инструменттерин киргизүү жолу менен калктуу конуштарды газдаштыруунун мастштабын кеңейтүү механизмдерин өркүндөтүүгө жана шаар курулушу, инфраструктураны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү талаптарды карап чыгуу менен автотранспортту газга өткөрүү боюнча иштерди активдештирүүгө тийиштүү болот.

Эң көп окулган жаңылыктар