08:38
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Депутат Евгения Строкова өкмөттү отставкага кетирүү керек деген сунушун айтты

Депутат Евгения Строкова өкмөттү отставкага кетирүү керек деди. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда айтты.

Анын билдирүүсүндө, өкмөт, айрыкча аткаминерлер жетиштүү деңгээлде өз милдеттерин аткарбай жатышат.

«Мен социалдык жактан коргоого алынбаган кесип ээлери — медиктер менен мугалимдерди турак жай менен камсыздоо тууралуу айтып жатам. Алар жатаканадан бөлмө алышканы менен балдарын ал жакка каттата алышпайт. Бул адилетсиздик. Бул маселени чечүү боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Биз анын курамына депутаттарды киргизүүнү суранган элек, бирок өтүнүчтү аткарышкан жок. Мамлекеттик кызматкерлер эмне деп айткандарын билесиздерби? Алар депутаттарды укпагыла, алар жакында кетишет дешет. Мен өкмөттү таратып, кайра жаңы тандоо керек деп сунуштап жатам. Октябрга чейин убактыбыз бар», — деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар